Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

13 жаштагы бала ала качылган эжесин куткарууга себепчи болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Айкын багыт” фондунун директору Мунара Бекназарова кабарлады.

Окуя Тоң районунун Комсомол айылында болгон. Бекназарованын айтымында, кечээ түнкү 11 жарымда ага 13 жаштагы өспүрүм чалып, бир тууган эжеси, 11-класстын окуучусун белгисиз адамдар ала качып кеткенин кабарлаган. Укук коргоочу милицияга кабарлап, райондук милициянын ыкчам тобу кызды өз убагында куткарып, үйүнө жеткирген.

“Биз аймактарда семинарларды өткөрүп, байланыш номерлерибизди таштаганбыз. Өспүрүм бала ошол байланыш аркылуу мага чыкты. Коомчулук кайдыгер карабай, убагында маалымат берсе, милиция убагында маалымат алса ушуга окшогон көрүнүштөрдү токтотууга болот”, деди Бекназарова. (МТо)

XS
SM
MD
LG