Айрым аймактарда абанын температурасы 50 градуска чейин көтөрүлдү. Аптапты көтөрө албай көз жумгандардын көпчүлүгү өлкөнүн түштүгүндөгү Теланган жана Андхра-Прадеш штаттарында болду, өткөн жумадан бери бул жакта 1118 киши каза болду. Ал эми Батыш Бенгалия менен Орисселде кеминде 24 киши ысыкты көтөрө албай өлдү.
Синоптиктер жакынкы күндөрү айрым аймактарда абанын температурасы бир аз төмөндөшүн айтышууда. Ал эми бийлик болсо жарандарга көлөкө жерлерден чыкпоону сунуштап жатат.