Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:00

БУУ Иран боюнча чечимге АКШ Конгрессинен кийин барат


Иран талаштуу өзөктүк программасы боюнча дүйнөлүк державалар менен жыйынтык келишимге жетишсе ага каршы санкцияларды алуу маселесин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши кеминде бир ай кечирээк, АКШ Конгрессинен кийин гана карачудай. Бул тууралуу батыштык расмий өкүлдөр билдиришүүдө. Алардын айтымында, мындай кадамга саясий жүйөдөн улам зарылчылык чыгууда.

Белгилүү болгондой, азыр АКШ Конгрессинде үстөмдүк кылган республикачылар Иран менен түзүлүп жаткан келишимге сынчыл мамиледе.

Президент Барак Обама АКШнын Иранга каршы экономикалык санкцияларын ал өзү жоё алардан мурда Конгресске келишимди карап чыгууга 30 күн убакыт берген мыйзамга өткөн айда кол койгон эле.

Буга чейин мерчемделгендей, дүйнөнүн алты ири державасы менен Ирандын ортосунда анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча жыйынтык макулдашуу 30-июнга чейин түзүлүш керек. (UE)

XS
SM
MD
LG