Украин бийликтери Донецктеги атышууда бир аскери каза болгонун кабарласа, жикчилдер өкмөттүк күчтөрдү катардагы үч жаранды өлтүрдү деп айыптоодо. 22-июнда башталган Донецктеги атышуу түнү менен уланган. Каза болгондордон сырткары дагы 12 аскер кызматкери жана бир нече тургундар жарадар болгон.
Бул маалыматтар бүгүн Украина чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Париждеги эл аралык сүйлөшүүдө айтылды.
Орусия, Украина, Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери жолугушкан Париждеги жыйында Украинанын чыгышындагы куралдуу чыр-чатактарды токтотуу аракеттери талкууланууда.
Февралда Берлин менен Париждин кийлигишүүсү менен тараптар Минск макулдашуусуна кол коюп, ок атууну токтотуу келишимине жетишкен. Ага карабай Донбасста жикчилдер менен украин күчтөрүнүн ортосунда атышуулар кайрадан уланууда.
Соңку айда эле Украинанын чыгышында каза болгондордун саны 60тан ашты. Алардын ичинде жайкын тургундар да, аскер кызматкерлери да бар. Куралдуу жаңжалда өлгөндөрдүн жалпы саны 7 миңге чукулдаган. (ErN)