Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Депутат Турсунбеков менен сот Турганбековду камоо талабы коюлду


Башкы прокуратуранын алдында Данияр Нарымбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана аны эки айга тергөө абагына камоо талабын койгон митинг өтүүдө. “Мекенчил” партиясынын тең төрагасы Мелис Аспеков сот Нарымбаевди үй камагына чыгарып жиберсе, мөөнөтсүз митинг ачкачылык акциясы менен коштолорун кошумчалады.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев 22-июлда Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмышка шектүү катары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Өткөн аптада парламент депутаты Хажимурат Коркмазов камактагы депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалганын УКМК маалымдаган. Башкы прокуратура Нарымбаев Түлеевдин жакындарынан Коркмазов аркылуу 50 миң доллар алганы тастыкталганын билдирген. Бүгүнкү митингде бул иш боюнча Ак үйдөгү жолугушууларга катышкан делген КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков, Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековду жоопко тартуу талабы дагы айтылууда. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG