Жалал-Абад облусуна караштуу райондун 39 жана 33 жаштагы тургундары жашыруун талаада маңзат өсүмдүгүн өстүрүп жаткандыгы аныкталды.
Жалал-Абад облустук ИИБнын берген маалыматына караганда, кармалган адамдар Тогуз-Торо районунун Кетбеш капчыгайындагы 1,6 сотых жерге 2000 түпкө жакын маңзат өсүмдүгүн өстүрүшкөн. Аларга Кылмыш кодексинин 250-беренеси (маңзат катарындагы өсүмдүктү айдоо жана өстүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Талаадан 180 кило маңзат жок кылынды. (RsK)