Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Австралия “Боингдин” кыйрашы боюнча ишти сотко жеткирет


Австралия Украинанын чыгышында кыйраган Malaysia Airlines авиакомпаниясына таандык учактын күнөөкөрлөрүн​ жазага тартууга аракет кылат. Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Жули Бишоп Австралия "Боинг-777" учагында каза тапкан жүргүнчүлөрдүн жакындарынын суроосуна жооп алып берүүгө​ катуу турарын белгиледи.

Бир жыл мурда Малайзия авиакомпаниясына таандык Амстердам - Куала-Лумпур каттамындагы "Боинг-777" жүргүнчү учагы Донецк облусунда атып түшүрүлүп, андагы 298 адам каза тапкан.

Өткөн шаршембиде Орусия бул ишти эл аралык сотто кароого койгон Улуттар Уюмунун резолюциясына вето койгон. Малайзиялык учактын кыйрашы боюнча Улуттар Уюмунда трибунал түзүү боюнча резолюциянын долбоорун Австралия, Бельгия, Малайзия, Нидерланддар жана Украина даярдаган.

Австралия өкмөтү Орусиянын вето коюшун учак кырсыгына катышы бар экенинен шек жаратат деп баалады.

Орусия бийлиги жана Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер бул кырсыкка тиешеси жоктугун айтып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG