Кошмо Штаттар жакында Европага Ф-22 үлгүсүндөгү согуш учактарын жайгаштырат. Аба күчтөрүнүн министри Дебора Жеймстин билдиргенине караганда, учактар Орусиянын Украинадагы интервенциясына тынчсызданган НАТОнун чыгыш европалык мүчөлөрүн колдоо үчүн жөнөтүлмөкчү.
Буга чейин учактардын бул түрү эски континентте авиа-шоулорго гана катышып келген. Жана “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы согуштук аракеттерде колдонууда.
“Орусиянын Украинадагы аскердик иш-аракеттери биздин жана европалык өнөктөштөрүбүздүн камтамасын жаратууда”, - деди министр Пентагондогу пресс-конференцияда.