Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Сариев айрым партиялар жалган маалымат таратканын билдирди


Премьер-министр Темир Сариев саясий партиялардын лидерлерин жана шайлоого аттанган талапкерлерди үгүт учурунда жалган маалыматтарды таратпоого чакырды. Сариев бул тууралуу 11-сентябрдагы өкмөттүк жыйында билдирип, ага телекөрсөтүүдөгү айрым чакырыктарды мисал келтирди:

- Атын атабай эле коёюн, кечээ бир партиянын телевидениедеги чыгып жаткандарын көрдүм. Алар өкмөт мекемелерге лицензия берүүнү көбөйтүп жатат деп айтышты. Бул туура эмес. Биз, тескерисинче, кыскартып жатабыз. Үч жылдан бери 530дан 90го чейин кыскарттык. Дагы азайтабыз. Мынчалык алдабаш керек. Бул жалган маалымат таратып жаткан айрым партияларга тиешелүү.

Темир Сариев ошондой эле партияларды шайлоо бүткөндөн кийин добуштарды таанууга, кырдаалды курчутуп, түрдүү нааразылык акцияларын уюштурбоого чакырып, андай учурда жооптуулар жазага тартыларын эскертти.

Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 14 партия ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG