Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Такталбаган шайлоочулардын саны 1700 кишини түзөт


Бул тууралуу маалымат жыйында Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев билдирди. Ал мурда такталбаган 3,2 миң киши болсо, анын 1,5 миңи табылганын айтып, жарандарды өзүн тизмеден таппай калса тийиштүү органдарга кайрылууга чакырды.

Биринчи вице-премьер-министр бул күндөрү биометрикалык маалымат тапшыруу активдешкенин белгилеп, күнүнө 11 миң киши маалыматын тапшырып жатканын, 17-сентябрга карата 2 миллион 774 кишинин биометрикасы топтолгонун билдирди.

Мындан тышкары “Өзүңдү тизмеден такта” акциясына 1 миллион 50 киши катышкан.

Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды топтоо жараяны 18-сентябрдан тарта бир айга токтотулат. (AzK\AKu)

XS
SM
MD
LG