Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан киргени “Карго” аркылуу жүк ташуунун баасы арзандаганын “Азаттыкка” Москвадагы "Cадовод" базарынын соодагерлери билдиришти. Алардын айтуусунда, мурда 1 кг. жүктүн баасы 65 сом болсо, азыр 20 сомго арзандап, жүктү 45 сомдон алып келип жатышат.
Базардагы соодагерлер жүктүн баасы арзандаганы менен, базарда соода солгун жүрүп калганын белгилешти. (AzK)