Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:50

“Алыш” балбандары дүйнө чемпиондугуна даярданууда


Чемпиондукка барууга даярдык көрүп жаткан күрөшчүлөр.
Чемпиондукка барууга даярдык көрүп жаткан күрөшчүлөр.

“Алыш” бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы 9-12-октябрда Польшанын Белосток шаарында өтө турган дүйнө чемпиондугуна акыркы даярдыктарын өткөрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Бишкектеги “Алыш” спорттук комплексинде 15-сентябрда башталган машыгуу 2-октябрга чейин уланат.

Улуттук курама команданын катарына 8 спортчу кирген. Алар: “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин түрүнөн Искендер Өскөнбаев, Мырзабек Кочкоров, Эсен Кудайбергенов, Чыңгыз Чалабаев, Кадыр Келсинбеков, Кубанычбек Көкүнов жана күрөштүн классикалык түрүнөн Шаршенаалы уулу Мааданбек жана Сабыржан уулу Акматжан.

Чемпиондук эркектер арасында классикалык жана эркин түрүнөн өтөт. Классикалык түрдөн 90 кг чейин жана андан оор салмактагылар арасында байгелер ойнотулат.Ал эми эркин түрүнөн 60, 70, 80, 90, 100 кг салмакка чейин жана андан жогоркулар күч сынашат.

Кыргызстандан 8 спортчу медаль үчүн күч сынашууга аттанат. Аларга спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан 700 миң сом бөлүнгөн. (ECh)

XS
SM
MD
LG