Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Бишкек ЖЭБдин 60 жылдан ашуун турган мунарасы кулатылды


Бишкек жылуулук борборун оңдоо иштеринин алкагында 1959-жылы тургузулган түтүн чыгуучу мунарасы кулатылды. Бишкек ЖЭБ мунарасынын узундугу 100 метр, жердеги диаметри 10,45 метрди түзгөн. “Электрстанциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, ЖЭБдин башка мунаралары кулатылбайт. Ал эми кулатылган эски мунаранын ордуна түтүн чыгуучу бийиктиги 150 метрлик жаңы мунара орнотулат.

Бишкек ЖЭБин оңдоого 389 млн. доллар бөлүнгөн. Жылуулук борборун реконструкциялоо иштерин кытайлык компания жүргүзүп жатат.

Маалыматка ылайык, жаңылап оңдоо иштеринен кийин ЖЭБдин жылуулук берүү күчү 360 мегаВаттан 812 мегаВаттка чейин көтөрүлөт. “Электрстанциялары” ишканасы оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда да калкка жылуулук жана ысык суу берүү үзгүлтүккө учурабасын билдирүүдө.

Бишкек ЖЭБин жаңылоо 2017-жылдын аягына чейин аяктары белгиленген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG