Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Ошто электр эсептегичке акча талап кылган 26 кызматкер иштен бошотулду


Бул тууралуу "Ошэлектр" ишканасынын жетекчиси Дыйканбай Даминов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда, кардарлардын электр эсептегичтери күйүп калса же башка себептер болуп калган убакта жабдуу бир жолу мамлекет тарабынан акысыз алмаштырылышы керек.

Буга карабай, аталган ишкананын текшерүүчүлөрү электр эсептегичи жараксыз болуп калган тургундардан акча талап кылган учурлар катталган. Мекеме мындай жосундарды жоюу үчүн жыл башынан бери 26 кызматкерин жумуштан бошоткон.

Ош шаарындагы электр энергиясын колдонуучулардын укуктарын коргоо (ЭКУК) борборуна шаар тургандары арыз менен кайрылган. Маселен, калаанын Р.Абдыкадыров көчөсүндө жашаган Саламат Сабирова күйүп калган электр эсептегичи үчүн "Ошэлектр" ишканасынын кызматкерлери андан 1500 сом талап кылганына нааразылыгын билдирген.

«Ошэлектр» ачык акционердик коому Ош, Баткен облустарын жана Ош шаарына электр жарыгын үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин алган. Аймакта жалпысынан 87 көмөк чордон бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG