Жаңы жайга 2 милиион 600 миң куб метр уу калдык батат жана 12 жылга чейин колдонууга болот. "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынын билдиришинче, жайды даярдоо 2009-жылы башталып, былтыр бүткөрүлдү жана жалпысынан 35 миллион сомдон ашык каражат жумшалды.
1986-жылы курулган уу калдыктарын сактай турган эски жай толуп калган. Ичинде болжол менен 12 миллион тонна калдык жатат жана андан 6,5 тонна алтын өндүрсө болот.
Аны иштетүү үчүн инвестор керек. (EBM)