Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Ош: Добуш саноодон чыккан доомат


"Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын жарнагы
"Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын жарнагы

“Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиясы айрым шайлоо участокторундагы добуштарды кайра саноонун жыйынтыгына ишенбей турганын жарыялады.

Партия өкүлдөрү шектүү участоктордо добуштарды кайра саноого Борбордук шайлоо комиссиясы макул болбой койгонун билдирди. БШК болсо добуштарды кайра саноо мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн ырастоодо.

13-октябрда БШК өкүлдөрү “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын арызынын негизинде Ош облусунун Араван районундагы үч, Өзгөн районундагы төрт, Ош шаарындагы эки шайлоо участогунун добуштарын кайра санашты. "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын тарапкери Махабат Жумагулова Араван районунан мыйзам бузуулар табылганын билдирди:

- Аравандагы №359 участогунан бардык бюллетендер туура чыкты, бирок протоколдун мөөрү жок. №5481 участогунда сегиз добушубуз жараксыз бюллетендердин катарына кошулуп калган. Мунун протоколуна да мөөр басылган эмес. Ошондуктан биз ага ишенген жокпуз. Сыясы өчкөн маркер менен коюлган белгилер да, кадимки ручка менен берилген добуштар да жарактуу катары эсептелип жүрөт. Ошондуктан мен ал участоктордо шайлоо таза өттү деп эсептебейм. Кайра саноонун жыйынтыгына кол койгон жокмун.

Ал эми Ош шаарындагы эки шайлоо участогундагы добуштарды кайра саноо учурунда мыйзам бузуулар табылган жок. Бирок "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын тарапкери Батма Сабирова добуштарды кайра саноо протоколуна кол коюудан баш тартып, айрым участоктордун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылды.

- Оштогу 5916-шайлоо участкасында добуш берүүнү 3-октябрда өткөрүп алышкан. Урна 4-октябрда шайлоочулар үчүн көргөзмөгө гана коюлган. Ал участкалардын добуштары 4-октябрда түнкү 12ге чейин ачылбай койгон. Биздин байкоочулар күтүп-күтүп кетип калган. Кийин Борбордук шайлоо комиссиясында 4-октябрда ачылган деп жүрөт. Учурда 3-октябрда ачылган төрт-беш участок жүрөт. 5-октябрда ачылган эки участок, 22-сентябрда ачылган бир участок жүрөт. БШК мына ушул шайлоо участоктордогу жыйынтыгын жокко чыгарса, шайлоо таза эле эмес, эң таза өттү десек болот.

Добуштарды кайра саноо
Добуштарды кайра саноо

Добуштарды кайра саноого Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген партия өкүлдөрү, БШКнын үч мүчөсү, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагалары катышты. Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын дооматтары далилсиз экенин бир ооздон билдиришти.

- "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын байкоочулары 14 партиянын алдында эмнеге унчуккан эмес. Мен ошол күнү шайлоо участкасынын эшиги жабылгандан кийин "Ким нааразы? Эмне дейсиңер" деп сураганда байкоочулардын баары шайлоо таза өттү, ыраазыбыз дешкен. Ошол күнү бир да арыз түшкөн жок. Силер ошол байкоочуларыңарды бүгүн ушул жерге алып келишиңер керек эле. Мен Бишкектен келдим, билбейм, "бирок ушундай болгон" деген сөз көчө сөзүнөн кандай айырмасы бар?

"Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынын тарапкерлери Өзгөн районундагы төрт участоктун добуштарын кайра саноого катышуудан да баш тартышты. Алар БШК тандап алган төрт участоктун ордуна андан башка эки участоктун добуштарын кайра саноону сунуштаган. Ал аткарылбаган соң “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясынын дагы бир тарапкери Сатыбалды Чырмашев кайсы участокту кайра саноо партиянын тандоосу менен болушу керек эле деп нааразы.

- Биз бир эле Ош шаары боюнча 16 участоктон шектенип жатканыбызды жазганбыз. Алар эмне ошонун баарын текшерүүгө уруксатты алып келишпейт? Алар биз доомат койгон бардык участок боюнча уруксатты алып келип, мына жолдош Чырмашев, ушул он алтынын ичинен экөөн тандаңыз, ошону текшерели десе реалдуу болот эле. Ошондо менде күдүк ой калбайт эле. Азыр 10 күн ичинде баарын тууралап салды, дегендей миң түркүн ой келип жатат. Мен азыркы кайра саноого да ишенген жокмун.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов болсо тогуз участокту текшерүүдө олуттуу мыйзам бузуу табылбаганын айтууда:

- Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамда арыз-даттанууларды кароонун жана добуштарды кайра саноонун тартиби бар. Борбордук шайлоо комиссиясы алар сураган участокторду ачып, кайра санап бердик. Олуттуу мыйзам бузуу табылган жок. Ал эми “Бүтүн Кыргызстан -Эмгек” партиясы аларды эмес башка участокторду ачабыз дейт. Ага мыйзам жол бербейт. Биз мыйзамдан сырткары иш кыла албайбыз.

Деген менен "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясы 37 миң добушу туура эмес саналганын ырастап, бир эле Ош шаарынан 16, Өзгөн районунан 20 шайлоо участогунун добуштарын кайра саноону Боршайкомдон талап кылган. Ал эми өлкө боюнча 69 шайлоо участогунун жыйынтыгынан шектенерин билдирген.

4- октябрдагы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан-Эмгек” партиясы 97 миң добуш топтоп, 7 пайыздык тосмодон өтпөй калган.

XS
SM
MD
LG