Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

"Замандаштан" оомат оодубу?


"Замандаш" партиясынын желеги
"Замандаш" партиясынын желеги

“Азаттык” радиосу парламенттик шайлоого бараткан саясий партиялардын программалары менен тааныштырууну улантат.

“Алданба! Ойгон!” – деген ураанды туу туткан “Замандаш” партиясы үгүт өнөктүгүндө каражатка үнөм мамиле жасагандыктан, жер-жерлерде ырчы-чоорчуларды кошо ээрчиткенди мындай кой, партиянын өзүнүн мүчөлөрү көп көрүнбөйт.

Партиянын теңтөрагасы Чынара Шейшекеева “Замандаш” өз программасында коррупция менен күрөштү жүргүзүп, орто жана кичи ишканаларды өндүрүү жагына ыктап жатканын айтып берди:

- Бизде башкалар менен теңтайлашкыдай өндүрүш жок. Ошондуктан бул жаатка басым жасап, карапайым элди жакырчылыктан чыгаралы деген оюбуз бар. Ошондой эле инвестиция маселесинде партия өзгөчө көз карашта. Биз парламенттик шайлоо алдында программабызды тактап жазып чыктык.

Келди-кетти мүчөлөр

Анткен менен “Замандаштын" катарынан жыл башынан бери бир катар аттуу-баштуу саясатчылар чыгып кетип, партия ич ара пикир келишпестикке кабылып келгени маалым. Рустам Маманов, Садык Шер- Нияз, Каныбек Иманалиев, Арзыбек Бурханов өңдүү таанымал адамдар “Замандашка” оогондон тартып, партия “Улуттук кайра жаралуу” программасын кабыл алып, улутчулдук көз караш менен шайлоого барууга бел байлаган.

Ошол эле учурда партия Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп, көбүнесе Кыргызстан менен Орусия ортосудагы көпүрөлүк милдетти аткарып келгендиктен, жаңы программа партия ичиндеги орус улутундагы мүчөлөрдү чочуткан.

Мындан улам Любовь Ардамина, Станислав Епифанцев, Григорий Зозуля, Александр Степанюк жана Галина Кетова партиядан өз ыктыяры менен чыккандан тарта “Замандаш” калган мүчөлөрдү сактап калуу багытында “Улуттук кайра жаралуу” программасынан баш тарткан.

Өз кезегинде партиянын идеологиядан артка кайтышы бир катар саясатчылардын партия которуусуна алып келди. Алардын бири - “Замандаштын” мурдагы теңтөрагасы Рустам Маманов.

- Мен өзүмдүн долбоорумда идеологияга туура келет деп партияга баргам. Ал жакка канчалаган акчамды салдым. Бирок партия ал идеологиядан баш тартты, мен да кетип калдым. Биз жаштарды алып келип, улуттук кызыкчылыкты коргойлу дедик, көрсө партияга Валентин Богатыревду алып келип, булардын партия аркылуу акча жасоо кызыкчылыгы бар экен, - дейт Рустам Маманов.

Натыйжада ”Замандаш” партиясынын парламенттик шайлоого башка партия менен биригип баруу аракети да оңунан чыккан жок. Ара-чолодо партия канаатташ издеп “Өнүгүү”, “Республика - Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан - Эмгек” партиялары менен кудалашып көргөнүн Чынара Шейшекеева жашырбайт.

Лидер жок, теңтөрага көп

“Замандаштын” бүгүнкү күндө баштоочу лидери жок, ошол эле учурда төрт теңтөрагасы бар. Ал эми дебат жана талкууларда 30-катардагы Жеңиш Молдокматов партия атынан чыгып келет. Саясат талдоочу Турат Акимов партия ичинде теңтөраганын көптүгү бирдиктүү позицияны жаратпасын, күч топтоодогу жаңылыштык экенин айтты:

- "Замандашта" бүгүнкү күндө төрт теңтөрага бар. Партиянын башында бирөө туруп ички тарбияны кармап, чечимдерди кабыл алышы керек да. Бирок андай адам жок болуп атат. Дебатка болсо жаш баланы партиянын атынан чыгарып атышат.

Партиянын жыйынынан
Партиянын жыйынынан

​“Замандаш” саясий партиясынын кадрдык алмашуусу үгүт иши башталганга чейин токтогон жок. Өз курултайында 170 мүчө менен тизмени бекиткен партия, 27-августта эч түшүндүрмөсү жок 30 адамды чакыртып алды. Жыйынтыгында “Замандаш” тизмеден талапкерди чакыртып алуу боюнча партиялардын сап башында турат.

Ошентип 2012-жылы жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо жакшы ийгиликтерди көрсөтүп, Бишкек шаардык кеңешке чейин кирип келген “Замандаш” быйылкы парламенттик шайлоого чейин ал ресурстун көпчүлүгүн жоготуп койгондой.

Акыркы дебаттарда айткан сөздөрүндө партия өзүн эң системалуу деп, басып өткөн жолдун тазалыгы жана күчтүү адамдар менен келатканын жар салышты. Ошол эле учурда партиянын бир көрүп айта турган лидеринин жоктугу, каражаттын тартыштыгы “Замандаштын” талылуу жери бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG