Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

“ИМ” тарапташтарын Орусия менен АКШга каршы “жихадга” чакырды


“ИМ” тобунун өкүлү Абу Мохаммад аль-Аднани.
“ИМ” тобунун өкүлү Абу Мохаммад аль-Аднани.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери мусулмандарды орустарга жана америкалыктарга каршы газаватка аттанууга чакырды.

Мындай билдирүүнү кечээ жарыяланган аудиодо “ИМ” тобунун өкүлү Абу Мохаммад аль-Аднани жасады.

АКШ жана Орусия өз алдынча “Ислам мамлекетине” каршы Сирияда аба чабуулдарды жүргүзүүдө. Кошмо Штаттар Орусия экстремисттерге эмес, президент Башар Асаддын каршылаштарына сокку уруп жатканын белгилесе, Москва бул айыптоолорду четке кагып келет.

Орусия Сириядагы аба чабуулдарын эки апта мурда баштаган. Мындан улам АКШ Асадга каршы чыккан козголоңчуларга жардам көрсөтүү программасын өзгөртүүгө мажбур болгон.

Эки держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 15-октябрда өтөрү күтүлүүдө. Эки тарап абадагы коопсуздукту сактоо жана учактардын байкабай кагылышуусун алдын алуу маселелерине көңүл бурушат.

XS
SM
MD
LG