“Азаттыктын” Таластагы кабарчысынын маалымдоосуна караганда, Талас облусундагы дыйкандар төө буурчакка баанын төмөндүгүнө нааразы болуп, 17-октябрда митинг өткөрүшкөн. Анда бааны көтөрүү боюнча чара көрүүнү өкмөттөн талап кылуу чечими кабыл алынган.
Бул талапты өкмөткө жеткирүү үчүн 23 айыл өкмөттөн 35 дыйкан бүгүн Бишкекке келип, өкмөт башчы менен жолугушууга аракет жасайт. Өкмөттүн маалымат кызматы өз кезегинде премьер-министр Темир Сариевдин 19-октябрдагы күн тартибинде дыйкандар менен жолугушуу жок экенин билдирди. Бүгүнкү күндө төө буурчактын баасы 25 сомдон 35 сомго чейин алынууда. (AiT)