Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:08

Жапон өкмөт башчысы Кыргызстанга келет


Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ
Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жапон премьер-министри Синдзо Абэ Борбор Азия аймагына сапарынын алкагында 26-октябрда Кыргызстанга келет.

Бишкекте ал президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар, инвестиция, коопсуздук маселелери боюнча сүйлөшүү өткөрөт.

Жапония - Кыргызстандын ири донорлорунун бири. Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев баштаган делегация 2013-жылы Жапонияда болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG