Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Жогорку сот “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын арызын четке какты


27-октябрда Жогорку сот “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын бюллетендерди кайра санатуу боюнча арызын канааттандырган жок. Буга чейин 24-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын арызын канааттандырып, БШКны добуштарды кайра санап чыгууга милдеттендирген.

БШК бул чечимге макул болбой Жогорку сотко кайрылган. Бүгүн Жогорку сот БШК пайдасына чечим чыгарды.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” Ош, Өзгөн, Бишкек, Ноокат, Базар-Коргон, Жайыл жана Панфилов райондорундагы 100дөн ашык шайлоо участкаларында добуштарды кайра саноону талап кылган. БШК 10 шайлоо участкасында кайра саноо жүргүзүп, партиянын шектенүүсү негизсиз экенин билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG