Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

“Ата Мекен” көпчүлүк коалицияга кире турган болду


Атамекенчилер
Атамекенчилер

Анын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн маалымат жыйында бийликчил КСДП партиясы менен “Ата Мекен” партиясынын 20 жылдык тарыхы барын эске салып, Кыргызстанды өнүктүрүү, демократияны жайылтуу жаатында бул партиялар максатташ экенин белгиледи. Мындан улам алар көпчүлүк коалицияга кошулуу чечимин кабыл алышкан.

Эми фракция өкмөттү куроо боюнча сунуштарын берерин билдирди.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев коалиция куроо мандатын КСДП фракциясына тапшырган эле. Алдын ала маалыматтарга караганда, көпчүлүк коалиция КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекендин” ортосунда түзүлүп, “Республика – Ата-Журт” менен “Бир бол” оппозицияда калат деген божомолдор айтылып жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG