Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

БУУ: Иракта 2200дөн ашуун киши холера жуктуруп алган


Багдад, Ирак. 29-ноябрь, 2015-жыл
Багдад, Ирак. 29-ноябрь, 2015-жыл

Булардын ичинен 20 пайызга жакыны жаш балдар. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун өкүлү Стефан Дюжаррик маалымдады. Анын айтуусунда, БУУнун балдар фонду Иракта холеранын күчөп кетүүсүнүн алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын кабарлоодо. Ошол эле учурда нөшөрлөгөн жаандан жана коопсуздук чараларынын жоктугунан улам оорунун жайылып кетүү коркунучу күч

Өлкөдө холера жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. 20-октябрда алардын саны 1800 болчу. Эки жума аралыгында дагы 400гө чамалуу киши кошулду. Маалыматтарга караганда холеранын очогу Ирактын баш калаасы Багдадда жана Бабиль провинциясында болууда. Мээ кайнаткан аптап жана кир сууну пайдалануу холеранын тез жайылышына негизги себеп болууда.

Иракта 2007-жылы да холера оорусу жайылган. Ал убакта бул оору менен 4 миңдей киши ооруп, 24 адам каза болгон. 2012-жылы 300гө чамалуу киши холера менен ооруган, бирок өлгөндөр болгон эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG