Облус аймагындагы фискалдык жана күч түзүмдөрүнүн өздүк курамдарынын, аскер бөлүктөрүнүн жана жаштардын катышуусунда күжүрмөн даярдыктарын күчөтүү багытында аскердик жүрүш өткөрүлөт.
Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Иш-чаранын алкагында 1500 катышуучу 20 чакырым аралыкты жөө басып өтүү жана аскер полигонунда куралдардан ок атуу, аскердик жүрүшкө катышкан бөлүктөр арасында ар кандай спорттук мелдештерди уюштуруу каралган. Иш-чараны “Мекеним менин-Кыргызстан” долбоорунун алкагында облустук милиция уюштурууда. (RsK)