Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:49

Пакистанда “Ислам мамлекетине” тиешеси бар делген 42 адам камалды


Пакистандын юстиция министри Рана Санаулла Пенджаб провинциясында “Ислам мамлекети” эсктремисттик тобу менен байланышы бар деп шектелген 42 согушкер кармалып, камакка алынганын билдирди. Санаулла бул камакка алуу операциясы өткөн дем алыш күндөрү Пенджаб провинциясынын төрт шаарында жүргүзүлгөнүн айтты.

Анын ырасташынча, буга өткөн жылдын соңунда күч түзүмдөрүнүн атайын рейди учурунда камакка алынган адамдарга карата топтогон далилдери негиз болду.

Санаулла 29-декабрда полиция сегиз шектүү жихадчыны кармаганын билдирген болчу. Анда аталган топ Пакистандын аймагында террористтик тармак түзүүгө ниеттенип, өлкөнүн аймагында бир катар террордук кол салууларды даярдаган деп шектелген эле. Ага чейин Пакистан өкмөтү аталган топтун террорчулар менен байланышы тууралуу расмий Кабулдун дооматын четке каккан болчу.

XS
SM
MD
LG