Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Иран ядролук келишимди аткарууну аяктоо алдында турат


Аббас Арагчи
Аббас Арагчи

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи атомдук программасын чектөө боюнча милдеттенмелерин апта аягына чейин аткарып бүтүшү мүмкүн деп билдирди.

Былтыр июлда Тегеран менен алты дүйнөлүк держава кол койгон документте Ислам жумурияты атомдук программасын чектегенде эл аралык санкциялар бара-бара алынат деп айтылган.

Ирандын маалымат агенттиктери шаршембиде Арагчиге шилтеме жасап кабарлашкандай, 15-январда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик өз тыянагын жасап, эки күндөн кийин Тегерандын шарттарды аткарып аткарбагандыгы тууралуу билдирүү жасалат деп күтүлүүдө.

Азырынча агенттик Иран расмий өкүлүнүн билдирүүсүн комментариялай элек.

Санкциялар алынса, Тегеран миллиарддаган долларлык банк эсептерин пайдалана алат жана мунай экспортун көбөйтүүгө жол ачылмакчы.

XS
SM
MD
LG