25-январда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Чүй облусунун айрым жерлеринде 10-14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз +10...+15,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз +10...+15,
Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз +11...+16,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +11...+16,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз +3...+8,
Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -8...-13 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.