Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Грузиялык жихадчы Сирияда өлтүрүлдү


Сирияда грузиялык исламчыл экстремист өлтүрүлгөнүн Грузиянын мамлекеттик коопсуздук кызматына шилтеме берип жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Хвича Гобадзе кандай жагдайда каза болгону маалымдаган жок. Маркумдун атасы аны менен эки жума мурун телефондон байланышканын айтып, өлүмү тууралуу интернеттен окуганын кошумчалады. Кабарларга караганда, Гобадзе "Ислам мамлекети" экстремист уюмундагы грузин тилдүү согушкерлер тартылган видеодо Грузиядагы “каапырларды” мууздарын айтып коркуткан. Өткөн ноябрда интернетте пайда болгон видеодо Калашников автоматтары жана гранаталар менен куралданган 4 киши Грузиядагы мусулмандарды “Халифатка” кошулууга үндөшкөн. Расмий маалыматтар боюнча, Сирия менен Ирактагы жихадчылардын арасында грузиялык ондогон жаран бар.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG