Ош шаарында аймактагы журналист айымдар арасында бүгүн волейбол боюнча мелдеш өтүүдө. Мелдешти Ош мэриясы 23-февраль – Мекен коргоочуларынын күнүнө карата уюштурган. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлап, ЭлТР, "7-канал", ОшТВ, "Ынтымак" жана "Ош Пирим" телерадио мекемелеринде иштеген кыздар мөрөй талашып жатканын билдиришти. Аларга кесиптеш жигиттер күйөрмандык кылууда. Жеңген команда ноутбук менен сыйланат. Андан сырткары бардык командаларга кызыктыруучу сыйлыктар каралган.
Мэрия 8-март – эл аралык аялдар күнүнө карата аймактагы телеканалдарда иштеген мырзалар арасында футбол өткөрүүнү, аял журналисттерди күйөрман катары чакырууну да пландаган. (SE)