Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:46

Евробиримдик Орусияга киргизилген санкциялардын мөөнөтүн узартты


Европа биримдигинин аткаминерлери Крым аннексиясына байланыштуу Орусиянын 146 жаранына жана 37 уюмга мурда жарыяланган санкциялардын мөөнөтүн дагы алты айга узартты.

“Кара тизмедеги” кишилерге виза бербөө жана банктагы акчаcын тоңдуруу чаралары каралган. Бул тизмеде орус премьер-министринин орун басары Дмитрий Рогозин, президент Владимир Путиндин кеңешчиси Сергей Глазьев жана Кремлдин негизги үгүтчүлөрүнүн бири саналган Дмитрий Киселев да бар.

Евробиримдиктин бул чечими ушул жума соңунда күчүнө кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG