Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Кубанычбек Кулматов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Мындай буйрукка бүгүн өкмөт башчы Темир Сариев кол койду. Премьер-министрдин башка бир буйругуна ылайык, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун буга чейин жетектеп келген Нурсулуу Ахметова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев 12-мартта Бишкек шаарындагы ишембилик учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчисин алмаштыруу зарылдыгын айткан болчу.

Кубанычбек Кулматов февраль айында Бишкек шаарынын мэри кызматынан өз арызы менен кеткен. Ал бир канча убакытка чейин үй-бүлөлүк маселелерине байланыштуу Кыргызстанда болбостугун, ушул себептен улам арыз жазганын билдирген эле. Ага чейин президент Кулматовду шаар ишин тарта албай жатканы үчүн сындаган эле. (AzK)

 

XS
SM
MD
LG