Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы окуяга байланыштуу тартылган аскерлеринин санын азайтты. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөмбиев билдирди.
Анын айтымында, учурда чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылып жатат.
- Кербен - Ала-Бука жолундагы Чаласарт такталбаган тилкесинде аскер кызматкерлери өзбек тараптан да, биз тараптан да турат. Кечээ түнү өзбек тарап менен ошол жактан сүйлөшүп, адамдардын санын кыскарттык. Буга чейин эки тараптан тең жыйырмадан адам турган, азыркы учурда сегизден адам турат, - деди ал.
18-марттын таңында Жалал-Абад облусундагы Кербен - Ала-Бука жолунун чек арадагы тактала элек бөлүгүнө Өзбекстандын 30-40 чек арачысы кирип келип, эки БТР жана эки КамАЗ унаасын токтотуп койгон. Аталган аймактагы 38 гектар жер тактала элек, Кербен – Ала-Бука автожолунун 1800 метри ошол аймакка кирет.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча Ташкентке наарызылык нота жөнөткөн, бирок расмий жооп боло элек. (RK)