Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Алыкулдун чыгармалары өзбек тилине которулуп, китеп болуп чыкты


Алыкул Осмоновдун ырлары өзбек тилине которулду
Алыкул Осмоновдун ырлары өзбек тилине которулду

Алыкул Осмоновдун “Көл толкуну” деп аталган ыр жыйнагы өзбек тилине которулуп жарыкка чыкты. Китептин бет ачар аземи 17-мартта Базар-Коргон районундагы Каба айылында болуп өттү.

Жыйнактын чыгышын жана бет ачар аземин “Достуктун үрөнүн себебиз” долбоорун ишке ашырып жүргөн кыргыз-тажик жазуучусу Мирзохалим Каримов уюштурган. Бул тууралуу Каримов өзү кабарлады.

Осмоновдун өзбек тилинде чыккан китеби “Көл толкуни” деген ат менен жарык көрдү. Котормонун автору - Базар-Коргонда жашаган акын Курбон Саттар.

Жыйнакка акындын “Ата журт”, “Отуз жаш”, “Ысык-Көл” баштаган жетимиш ыры кирди.

Китептин чыгышын Кыргызстандын президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясы каржыланган. Буга чейин Алыкул Осмоновдун чыгармалары өзбек тилинде өзүнчө жыйнак болуп чыккан эмес.

Бүгүн 21-март - кыргыздын улуу акыны Алыкул Осмоновдун туулган күнү. Ал 1915-жылы Чүйдө туулган. (ZA)

XS
SM
MD
LG