Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Орусия Киевди тынчтык жараянын ишке ашырбай жатат деп айыптады


Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

23-мартта Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен Москвада жолугушуп жаткан Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров украин өкмөтү Минск келишимин турмушка ашырбай жатат деп журналисттерге билдирди. Өткөн жылы февраль айында кол коюлган Минск келишими украин өкмөттүк аскерлери менен жикчилдердин ортосундагы кагылышууларды азайтып, бирок толук токтото алган жок. Германия тышкы иштер министри эки тарапты тең келишимди аткарууга үндөп, кырдаал курчуп кетиши мүмкүндүгүн эскертти. Ал ошондой эле Орусия соту тарабынан 22 жылга кесилген украиналык учкуч Надежда Савченко бошотуу боюнча гуманитардык чечим табыларына үмүт артты. (AiT)

XS
SM
MD
LG