Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Тоолуу Карабак: кармашта жайкын тургундар жапа чегүүдө


Тоолуу Карабактагы Аскеран шаарындагы элдик кошуун өкүлдөрү. 2-апрель, 2016-жыл.
Тоолуу Карабактагы Аскеран шаарындагы элдик кошуун өкүлдөрү. 2-апрель, 2016-жыл.

2-апрелде Тоолуу Карабакта башталган куралдуу кармашта Азербайжандын 12, Армениянын 18 аскери жана жайкын тургундар да мерт кеткени айтылууда.

Тоолуу Карабакта ишемби күнү тутанган салгылаштан аскерлер гана эмес, жайкын тургундар да мерт кеткени айтылууда.

Ал ортодо жикчил күчтөр стратегиялык маанилүү аймакты ээлөө үчүн аракет уланып жатканын билдиришти. 2-апрелде башталган куралдуу кагылыш Карабак талашындагы эң кандуу окуялардын бири катары сыпатталууда.

Азербайжандын аймагындагы чырлуу, этникалык армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабак автономиясында ишемби күнкү куралдуу кармаштан Азербайжандын 12, Армениянын 18 аскери набыт болгону айтылган. 3-апрелдеги маалыматтарда калабада мерт кеткендер арасында жайкын тургундар болгону, 12 жаштагы бала да бар экени кабарланды.

Азербайжан президенти Илхам Алиев АзТВ мамлекеттик телеканалында сүйлөгөндө Армения бийлигин “Тоолуу Карабак жаңжалын чечүү жолун издегиси келбей жатат” деп күнөөлөдү:

- Баку ок атышпоо режимин бузган жок, армяндардын чагым уюштуруу аракетине гана жооп кайтарды. Азербайжан бул жаңжалды тынчтык жолу менен чечкенге кызыкдар. Бирок биз жолугушууларды өткөрүүнү гана талкуулаган сүйлөшүүлөргө катышпайбыз,- деди Алиев.

Жикчил күчтөр болсо салгылашты азери аскерлери баштаганын, мындан улам алардын оор техникаларын талкалашканын билдиришкен. Кийинчерээк армян тараптын да 10 танкасы жок кылынганын кабарланды.

Жекшемби күнү Баку согуштук аракеттерди бир тараптуу токтотконун билдирген. Бирок армяндар бул чечимге ишенбей турганы айтылууда.

Тоолуу Карабактагы этникалык армяндардын өкүлү Давид Бабаян Азербайжандын мындай кадамын “маалыматтык оюн” деп атады:

- Биз сүйлөшүүлөргө барууга макулбуз. Бирок Тоолуу Карабакты көзөмөлдөө бизге гана берилсин деген талапты коёбуз.

Армениянын президенти Серж Саргсян азери күчтөрү этникалык армян аскерлерди өлтүргөнүн айткан. Набыт болгон 18 аскер Карабактагы Ереван колдогон жикчил күчтөргө тиешелүүбү же Армениянын армиясынын жоокерлериби беймаалым.

Тоолуу Карабакта жарадар болгон балдар (03.04.2016)
Тоолуу Карабак: жараланган балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:27 0:00

“Азаттык” радиосунун Тоолуу Карабактагы кабарчысы этникалык армяндар аймактагы турумдарын бекемдеп жатканына күбө болгонун кабарлады.

Тоолуу Карабак жаңжалы Советтер Союзу ураган жылдары тутанып, 30 миңге чукул киши өлгөн. Бул жолку кармаш Вашингтон жаңжалды толугу менен чечүүнү көтөргөн маалга туш келди. АКШнын вице-президенти Жо Байден 1-апрелде Армения жана Азербайжан президенттери менен жолугуп, ушул маселени көтөргөн болчу.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун согуштук аракеттерди тезинен токтотууга чакырып, окуяга тынсызданып жатканын билдирди.

Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу ишембидеги куралдуу кармашта мерт кеткен 12 азери аскери үчүн Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиевге телефондон көңүл айтты. Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Илхам Алиев да телефон аркылуу акыркы кырдаалды талкуулашканы маалымдалды.

2-апрелде Москвада басма сөз жыйында Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун басма сөз катчысы Владимир Зайнетдинов "Азербайжандын аракети Тоолуу Карабактагы кармашты күчөтүүгө түрткү болот" деп билдирүү жасады. Маалым болгондой уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа Ереван менен тыгыз байланышта болуп, кырдаалдан кабар алууда.

Тараптарды жарашууга үндөп Франция жана Орусия лидерлери да Азербайжан менен Армения президенттери менен байланышканы маалымдалган.

Ал арада Грузиянын депутаттары Тоолуу Карабактагы куралдуу кармашты жайгаруу максатында Тбилиси сүйлөшүү аянтчасын сунушташы ыктымалдыгын айтышты.

XS
SM
MD
LG