Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:33

ЕККУнун байкоочулар тобу Донбасста атышууга кабылды


Украина
Украина

Ишемби күнү ЕККУнун атайы мониторинг жүргүзүүчү миссиясынын байкоочулары Донбасстагы Зайцево аймагында жүргөн кезде атышуу болуп кеткен. Андан байкоочулар арасында эч ким жабыркаган жок. Атышуу Украинанын өкмөттүк күчтөрү көзөмөлдөп турган калктуу пункттун аймагында ЕККУнун миссиясынын курамындагы беш байкоочу эки брондолгон унаа менен бараткан кезде болгон. Аларды ок атууну токтотуу режимин көзөмөлдөө жана координациялоо боюнча Биргелешкен борбордогу украина тараптын жетекчиси коштоп жүргөн.

Саат түшкү бирлерге жакын байкоочулар өздөрүнөн 100-200 метр жакын жерден минометтон атылгандай жарылууну угушкан. Анын артынан эле ошол тараптан мылтыктан ок атыла баштаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG