Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Ош шаардык кеңешинде көпчүлүк коалицияга үч фракция кирди


Ош шаардык кеңеши
Ош шаардык кеңеши

Бүгүн Ош шаардык кеңеши “Мыйзам жана ыйман” деп аталган көпчүлүк коалиция түзүп, анын курамына КСДП, «Бир Бол» жана «Мекеним Кыргызстан» фракциялары кирди. Шаардык кеңештин басма сөз катчысы Равшан Эргешов “Азаттыкка” билдиргендей, коалициянын лидери жана спикер болуп жалгыз талапкер, Социал-демократтар фракциясынан Жапарбек Ормонов шайланды. Ага 45 депутат добуш берди. Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Көпчүлүк коалицияга кирген үч фракция 27 депутаттан турат. Азыр алар спикердин орун басарларын шайлоого киришти. (NT)

XS
SM
MD
LG