Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Сузак: көчкү басып калган өспүрүмдүн сөөгү табылды


Көчкү жүргөн жердеги техника
Көчкү жүргөн жердеги техника

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 15 жаштагы Эрлан Урматбек уулунун сөөгү бүгүн табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат участогунда 27-апрелде жер көчүп, бир үйдү басып калган. Жарым сааттан кийин Башы деген аймакта да жер жылып, алты үй көчкү алдында калган эле. Эки өспүрүмдү басып калып, алардын бирин куткарып калууга мүмкүндүк болгон эмес. Бекилов бул аймакта жер көчкү дагы кайталанышы мүмкүндүгүн кошумчалады. Жергиликтүү тургундарга 15-апрелден бери эскертүү берилип келген. Он күн мурда жети үй-бүлөдөгү 12 адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG