Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Бишкекте согуштан кайтпай калган жоокерлер эскерилет


Бишкектеги Жеңиш аянты.
Бишкектеги Жеңиш аянты.

Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калгандардын урпактары бүгүн Бишкектеги Жеңиш аянтында эскерүү митингине чогулушат. Бул тууралуу майданда дайынсыз кеткендерди издөө менен алектенген активист, “Эрдик” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов “Азаттыкка” билдирди.

Митингде “Социалдык кепилдиктер жөнүндөгү” мыйзамды аткарууга бийликке чакырык ташталат. Мырзакановдун айтуусунда, беш жыл ичинде Орусиянын Коргоо министрлиги жана “Мемориал” коомунун жардамы менен 1225 адамдын сөөгү кайда жашырылганы аныкталды. Мыйзам боюнча алардын тууган-уруктары, балдары жана неберелеринин куран окуп, зыярат кылып келүүсү үчүн каражат бөлүнүшү керек. Бирок мамлекеттен акча каралбагандыктан, мүмкүнчүлүгү жоктор кара кагаз келип, бирок кайда коюлганы белгисиз болгон же дайыны билинбеген жакындарынын бейиттерине бара албай жатышат.

Расмий маалымат боюнча, 1941 - 45-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушка 360 миңден ашуун кыргызстандык катышкан. Алардын 160 миңге чукулу кайткан эмес. 56 миңден ашык кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон. Быйыл 9-майда Жеңиштин 71 жылдыгы белгиленет. (NT)

XS
SM
MD
LG