Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

Ооганстанда жанкечти он адамдын өмүрүн кыйды


Ооганстандын Нангархар облусунда жанкечти бомба салынган автоунааны жардырып, андан бери дегенде 10 адам мүрт кетти. Расмий кабарларга караганда, 23 адам жарадар болгон. Окуя 10-май күнү Пакистан менен чектеш Назян шаарында болгон. Облустук полициянын башчысы Заравар Захиддин айтымында, жардыруу согушкерлерге каршы ыктыярчылар тобун уюштуруп жүргөн Малик Дехканга каршы жасалган. Малик Дехкан жарадар болгондор арасынан табылган.

Окуяга жоопкерчиликти азырынча эч кайсыл топ өзүнө ала элек.

Нангархар облусунун чек ара аймактарында акыркы кездери талиптер менен өкмөт күчтөрү байма-бай салгылашып жатышат.

XS
SM
MD
LG