Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Ысык-Көлдүн жээгиндеги экологиялык коопсуздук талкууланды


Ысык-Көл жайкы сезонго камданууда
Ысык-Көл жайкы сезонго камданууда

Бүгүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө көл жээгиндеги экологиялык коопсуздукту талкуулаган жыйын өттү. Ага, "Азаттыктын" кабарчысынын маалымдаганына караганда, Жогорку Кеңеш депутаттары, жергиликтүү жетекчилер жана тиешелүү адистер катышты.

Жыйында жайкы эс алуу мезгилине карата даярдык тууралуу сөз жүрүп, пансионаттардагы суу чыпкалоочу жайлар жана таштанды, ажаткана маселелери талкууга алынды.

Эл өкүлдөрү көлдүн күңгөй тарабындагы Балыкчы шаарынан берки жолдо эс алуучу жайлардын экологиялык абалын канааттандырарлык эмес деп аташты.

Депутат Максат Сабировдун айтуусунда, учурда көл жээгинен курулуштарга чейинки аралык боюнча талапты өзгөртүү жагы каралып жатат. Тагыраак айтканда, бул аралыкты 300 метрден кем эмес деп аныктоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланууда. Азыр көл жээгиндеги бул аралык боюнча талап 100 метрди түзөт.

Ысык-Көлдөгү жайкы сезонго даярдык маселесин кечээ, 16-майда президент Алмазбек Атамбаев да өкмөттүн облустагы өкүлү Аскат Акибаев менен талкуулап, туристтерди көбүрөөк тартуу, аймактагы экологиялык коопсуздукту кымсыз кылуу жана быйыл сентябрда өтө турган экинчи Көчмөндөр оюнун мыкты деңгээлде өткөрүү талабын койгон. (AsM)

XS
SM
MD
LG