Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Кумсаларга каршы жүрүш КТРК алдында уланууда


ЛГБТга каршы жөө жүрүш
ЛГБТга каршы жөө жүрүш

Ушу тапта КТРКнын алдында кумсаларга каршы акция өтүп жатат. Ага 40ка жакын адам катышууда, көпчүлүгү эркектер. Алар алгач Улуттук филармониянын алдына чогулуп, КТРКга чейин жөө жүрүш жасашты.

Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, "массалык маалымат каражаттары аркылуу кумсаларды пропагандалоо жүрүп жатат жана бул көрүнүшкө каршы күрөшүү керек".

Нааразылык акциясына чыккандар колуна "КТРК ук! ЛГБТ - кыргыз эли үчүн реалдуу коркунуч", "Биз аморалдуулукка каршыбыз" деген жазууларды кармап турат.

КТРК каналына жакында "Ой ордо" көрсөтүүсү чыгып, анда кумсалардын укугу тууралуу сөз болгон.

Пикетчилерге чыккан КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков "Коомдук биринчи канал" ар бир жаран үчүн бирдей экенин, ал тигил же бул көрсөтүүнү тандап же тыюу салууга укугу жок экенин, Байкоочу кеңештин көзөмөлү алдында иштээрин айтты. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG