Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:46

Атамбаевдин күн тартибинде Эрдоган менен жолугушуу каралган эмес


Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен 2012-жылдагы жолугушуусу.
Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен 2012-жылдагы жолугушуусу.

Стамбулда президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусу күн тартибинде каралган эмес. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов "Азаттыкка" билдирди.

Президент Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун чакыруусу менен Биринчи дүйнөлүк гуманитардык саммитке катышуу үчүн Стамбул шаарына 22-майда барган. Бүгүн ал Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушту. Мындан тышкары башка өлкөлөрдүн лидерлери менен да эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турганы кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG