Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Алмазбек Кадыркуловго сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, премьер-министр Кадыркулов өкмөттүн бир катар тапшырмаларын аткарбаганын белгилеп, ишин сынга алды. Ошондуктан өкмөт башчы мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо маселеси баштаган бир катар маселелерге көнүл бурууну тапшырды.
Алмазбек Кадыркуловдун ишин буга чейинки премьер-министр Темир Сариев сынга алып, сөгүш жарыялаган болчу.(BkA)