Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

Бейөкмөт уюмдар шайлоо боюнча президентке кайрылды


Шайлоо.
Шайлоо.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” жана “Таза шайлоо” коомдук бирикмелери шайлоо учурунда добуш сатып алуу көрүнүшүн жоюу сунушу менен президентке кайрылуу жөнөтүштү. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Динара Ошурахунова билдирди.

Анын айтуусунда, 27-мартта өткөн жергиликтүү кеңеш шайлоолору жарандардын добушун сатып алуу көрүнүшү өрчүп баратканын көрсөттү.

- Бул учурлар өлкөнүн көз карандысыздыгы жана демократиялык баалулуктарына доо кетирүүдө. Андыктан бардык бийлик бутактары чогуу чараларды кабыл алып, айрым шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү зарылдыгы келип чыкты.

Бейөкмөт уюмдары жөнөткөн кайрылууда президент шайлоо системасын жакшыртуу маселесин өлкөнү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке алып чыгуу сунушу менен кайрылды. Мындан башка Жогорку Кеңеш депутаттары парламенттик угуу өткөрүп, жалпы диалогго аянтча түзүп берүү сунушун киргизүүдө. (SDz)

XS
SM
MD
LG