Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Орусиядагы мигранттар көйгөйү талкууланат


Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев.
Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев.

6-июнда орус премьер-министри Дмитрий Медведевдин Бишкектеги сапары учурунда миграция маселеси талкууланат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Медведевди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алат. Жолугушуунун күн тартибине Орусиянын федералдык миграция кызматынын жоюлганына байланыштуу кыргызстандык мигранттар кабылып жаткан көйгөйлөр да киргизилген. Орусиянын өкмөт башчысы КМШга мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин 7-июндагы жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келет. (NT)

XS
SM
MD
LG