Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Обама: Орландодогу окуя "тиришумдуктуу кыргын"


АКШ президенти Барак Обама Орландодогу окуяны "тиришумдук кыргын" деп атап, аны террордук акт деп баалады. Ошондой эле президент америкалыктарды коркунучка алдырбоого чакырды.

Акыркы маалыматтарга караганда, АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарында кумсалардын түнкү клубундагы атышуудан 50 адам набыт болуп, 53ү жаракат алды.

Күч түзүмдөрүндөгүлөр ок аткан адам Омар Матин аттуу ооган улутундагы АКШ жараны экенин айтышууда. Анын радикал ислам топтору менен байланышы такталууда.

ФБР өкүлү бул окуя террордук акт катары иликтенерин билдирди. Кылмышкер жеке өзү же сырттан, ичтен кимдир бирөөнүн жардамы аркылуу аракеттендиби деген маалыматтар да изилденет.

Соңку маалыматтар боюнча ок чыгарган адам өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG