Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

Кыргыз учкучу мамлекеттик желек менен жер жүзүн айланат


Учкуч Союзбек Салиев (оңдо) кесиптеши менен

Учкуч Союзбек Салиев Кыргызстандын туусу менен жер жүзүн айланып чыгууга белсенүүдө. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, жер шарын Mooney Ovation-2 үлгүсүндөгү бир моторлуу жеңил учак менен элүү күн ичинде айланып чыгуу максаты бар.

Кыргызстандык учкучка литвалык кесиптеши Йонас Жукнус шерик болот. 10-июлда алар Токмок шаарындагы аэродромдон учуп чыгып, 30-август күнү кайра Бишкекке конууну көздөп жатышат.

“Көчмөн кыргыз” деген аталыштагы бул долбоор Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арналат. Учкуч жалпысынан 47 600 чакырым аралыкты басып өтүп, Тынч океанды, Атлантика океанын, тоолорду, чөлдөрдү, талааларды жана чытырман токойлорду камтыган жыйырма алты өлкөнүн аймагынан учуп өтөт. Ааламды айланып уча турган кыргыз желеги “Кыял” өндүрүштүк бирикмесинде даярдалып, 10-июль күнү аманат катары учкучтарга тапшырылат. (KJ)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG