Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Каримов ШКУ жыйынына келген Атамбаевге ыраазылык билдирди


Атамбаев менен Каримов.
Атамбаев менен Каримов.

Президент Алмазбек Атамбаев менен өзбек президенти Ислам Каримовдун Ташкендеги жолугушуусу учурунда тараптар саясий диалогду күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Ислам Каримов Алмазбек Атамбаевди жылуу кабыл алып, анын ШКУнун жыйынына өзү келип катышканы үчүн ыраазылык билдирди. Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев меймандостугу үчүн өзбек тарапка да ыраазылык билдирип, ШКУ жыйыны жогорку деңгээлде уюштурулганын айтты.

Мамлекет башчылар кыргыз-өзбек кызматташтыгындагы актуалдуу маселелерди ортого салышып, экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, саясий диалогду күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле тараптар эл аралык маанилүү маселелер тууралуу да пикир алышты.

Президенттердин бүгүнкү жолугушуусуна журналисттер киргизилген жок. Анда кыргыз-өзбек чек ара көйгөйүн чечүү маселеси каралдыбы, жокпу деген суроого президенттик аппарат жооп бере элек.

Эки өлкө жетекчилери акыркы жолу 2013-жылы сентябрда Бишкектеги ШКУ жыйынынын алкагында жолугушкан. Президент Алмазбек Атамбаевдин ШКУнун Ташкендеги саммитине катышуусу Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси солгундаган учурга туш келди. Быйыл март айында Аксыдагы Чала-Сарт аймагына Өзбекстан аскерлерин киргизгенде ал Ташкендеги саммитке барбай турганын эскерткен болчу.

Атамбаев баштаган делегация Ташкенге 23-июнда барган. Сапар учурунда делегация Кытай жана Ооганстандын лидерлери менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG