Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

Бангладеште кафеде барымтага алынгандардын 13ү бошотулду.


Өлкөнүн коопсуздук кызматтары кафеде жүргүзгөн операциясы учурунда он үч киши бошотулганын жана алардын арасында төрт чет элдик жаран бар экенин билдирди.

Буга чейин Италиянын элчилиги барымтадагылардын арасында бул өлкөнүн жети жараны бар экенин билдирген. Мындан тышкары ал жерде Жапониянын жана Индиянын жарандары болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Кафедеги жарандарды барымтага алуу боюнча “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчиликти моюнуна алган.

Азырынча кафедеги жарандардын так саны белгисиз. Башта полиция 20 киши бар деп кабарлаган, бирок ушул тапта алардын саны 30 ашык экени айтылууда.

Барымтадагылардын экөө жеңил жараат алып, өздөрү качып чыкканы кабарланууда.

1-июлда кечке жуук Бангладештин борбору Дакка шаарында бир нече куралчан адам дипломаттар жана чет өлкөлүк адистер жашаган райондо кафеге чабуул койгон. Жоочулар менен атышууда эки полициячы мерт болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG